Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 18.07.2019 15:28

Ысык-Көлдө ата-энеси уктап жатканда үйдөн чыгып кеткен 3 жаштагы бала табылды

Turmush -  Ысык-Көл районунда жоголуп кеткен 3 жаштагы бала табылды, деп билдирди аймактык кабарчы. Маалым болгондой, З.Ильгиз аттуу баланы негизги жолдун жээгинен 18-июлда саат 14:00 чамасында табышкан.

Ысык-Көл РИИБдин инспекторлору унаалар өтүп жаткан жолго улам чуркап чыгып жаткан 3 жаштагы баланы көрүшкөн. Бир нече убакыттан кийин ата-энеси табылды. Алар Сары-Ой айылынын тургундары болушкан.

Ата-энеси түшкө маал уктап жатканда 3 жаштагы бала үйдөн чыгып, негизги жолго чейин жеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×