Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 22.07.2019 22:11 На русском

Ысык-Көлдө жеңил унаа бакка урунуп, айдоочуга жардам көрсөтүлдү

Turmush -  Кечээ, 21-июль күнү таңкы саат 07:30 чамасында Ысык-Көл районунун Кош-Көл айылында унаа кырсык катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Мерседес-Бенц 320» үлгүсүндөгү унаа чыгышты көздөй бара жатканда жолдун жээгиндеги бакты сүзүп токтогон. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын өкүлдөрү окуя болгон жерге барып, айдоочуга биринчи медициналык жардам көрсөтүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Учурда окуя боюнча териштирүү жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×