Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 26.07.2019 17:17

Ысык-Көлдө Б.Абдраевдин элесине арналган ИИМдин чемпионаты өттү. Сүрөт

Turmush -  Ысык-Көл районунда 25-26-июль күндөрү спорттук көнүгүүнүн үч түрдөгү мелдеши боюнча ИИМдин чемпионаты өткөрүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, чемпионат 2014-жылы куралдуу кылмышкерлерди кармоо учурунда каза болгон милициянын прапорщиги Бактыбек Абдраевдин элесине арналды. Мелдешке укук коргоо органдарынын 200гө жакын кызматкерлеринен түзүлгөн 12 команда катышкан.

ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Төрөкул Мадалиев Бактыбек Абдраевдин эрдиги кесиптештеринин эсинде дайыма сакталып каларын белгилеп, жыл сайын анын жаркын элесине арналган чемпионат өткөрүлүп келгендигин билдирди. Андан соң катышуучулар бир мүнөттүк тыныгуу менен кесиптешин эскеришти.

Спорттук көнүгүүнүн үч түрдөгү чемпионатына гиря көтөрүү, таяк тартыш, аркан тартышуу мелдештери кирет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×