Turmush — Жалал-Абад облусунунда 7320 гектар аянттан зыяндуу чегирткелер аныкталган. Мындай маалыматты Жалал-Абад облустук өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин боюнча башкармалыгынын башчысы Кайратбек Садыков билдирди.
Анын айтымында, быйыл бышка жылдарга салыштырмалуу зыянкеч чегирткелер эрте пайда болгон.
«Облус аймагындагы айыл чарба депортаментинин, жайыт комитетинин жана биздин кызматкерлер биргеликте жакынкы жайыттардан жалпы 11530 гектар аянтта изилдөө иштери жүргүзүлүп, 7320 гектар аянттан зыяндуу чегирткелер бар экенин аныктадык. Мындан улам зыянкечте жакынкы айылдарга келип дыйканчылыкка залакасын тийгизбөө максатында химиялык дарылоо иштерин баштаганбыз. Ушул тапта залалсыздандыруу иштери Ала-Бука, Аксы, Ноокен, Базар-Коргон жана Сузак райондорунда биздин мекеменин атайын 5 техникасынын жардамында жүргүзүлүп, 4000 гектар жайытта жумуштар алынып барылды. Алдыңкы күндөрү зыянкечтер каптаган 7 миң гектар аянтта иштер жүргүзүлөт», - деди ал.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына караганда, 2025-жылы өлкөдөгү 84 миң гектар аянтты зыянкечтер каптаган. Анын 74 миң гектарына дары себилген.
Кыргызстанда үйүрлүү жана үйүрлүү эмес чегирткенин 50дөн ашык түрү байырлайт. Зыянкечтердин жапырт каптоосу ар бир 8-11 жылда бир кайталанып турат. Кыргызстанда 1980-жылы 570 миң гектар, 1989-жылы 160 миң гектар, 2008-жылы 157 миң гектар жана 2018-жылы 146миң гектар жерди чегиртке каптаган.